Поп падышасы Майкл Жексон тирүүбү? Күйөрмандары ДНК-тест талап кылышууда

Поп падышасы аталган Майкл Жексондун күйөрмандары анын келбетин алып жүргөн Серхио Кортестин ДНК-тест тапшыруусун талап кылышууда. Ага Серхио Кортестин дүйнө жүзүнө атактуу болгон маркум Майкл Жексонго коёндой окшоштугу себеп болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта айтылгандай, күйөрмандары Серхио Кортести Майкл Жексонду туурап жүргөн артист эмес, каза болду делген поп падышанын дал өзү деп шек санашууда. Күйөрмандарынын мындай оюна Серхио Кортестин Инстаграмдагы жеке баракчасына жүктөгөн видеосу себеп болгон. Видеодо Серхио Кортес Таиланддагы жеке концерти кандай өткөндүгүн айтып берген.

Видеого анализ кылган күйөрмандарынын көпчүлүгү поп падышасы Майкл Жексон тирүү болушу мүмкүн дешкен. Айрымдары Серхионун бир топ эле жаш көрүнөрүн айтышып, андан испан акценти билинип тургандыгын да баса белгилешкен.

Белгилей кетсек, Серхио Кортес испаниялык артист. Ал 30 жылдан ашуун убакыттан бери Майкл Жексондун экинчи түгөйү катары белгилүү. Анын келбети жана кебетеси атактуу Майкл Жексонго кудум окшош. Ошондой эле анын үнү, бийлегени чыныгы Майклдан эч айырмаланбайт. Керек болсо, Майкл Жексон көзү тирүү кезинде экөөнүн окшоштугуна таң берчү. 1994-жылы Серхио Кортес Майкл Жексондун суранычы менен терезеден кол булгап, күйөрмандарын алаксытып турган. Ал эми бул учурда чыныгы Майкл Лизе Мари Преслиге баш кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jasi.jasi
2019-12-25 15:24:42
Чын эле окшош экен.Бирок Майклдын чыныгы фанаттары олгонуно ишенишпейт экен да дагыле
+6
bond02
2019-12-25 15:28:19
Майкл Жексон эмес бул, бирок окшош экен.
+8
CHingiz90
2019-12-25 15:57:01
Бу ярамас тригми хали
-28
Aidar.001
2019-12-25 21:52:33
CHingiz90,сен кайдан келип калдын тууган? :)
+4
zzz---zzz
2019-12-25 22:32:14
CHingiz90, Корея сериалдарын Өзбекстан канал дарынан көрө берип чык эшике болуп калыптыр
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан