АКШнын 22 жаштагы "Blueface" каймана аты менен белгилүү болгон рэп ырчысы Жонатан Майкл Портер коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу максатында үй-жайсыз адамдарга 50 миң доллар акча чачкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Калифорния штатындагы Скид Роу аймагында болгон. Анда рэп ырчысы өзүнүн унаасынын үстүнө чыгып, топтолуп турган адамдарга карата 50 миң доллар акчасын чачкан. Топтун басымдуу бөлүгү үй-жайсыз адамдар жана жол боюнан өтүп бара жаткан тургундар болгон.
Видеону көргөн күйөрмандары анын бул кылыгын үй-жайсыз адамдарды сыйлабагандык жана өзүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракети деп баалашып, терс сын-пикирлерин билдиришкен.