Америкалык Вилли Симмонс 9 доллар уурдаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Алабама штатынын жашоочусу Симмонс 1982-жылы 9 доллар уурдагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал азыркы убакытта түрмөдө 38-жылын өткөрүүдө. Симмонс тууралуу америкалык журналисттер жазып чыгышкан. Алабама штатында экинчи жолу түрмөгө түшкөндөргө узак мөөнөт бериле турган мыйзам 1977-жылы кабыл алынган. Симмонс биринчи жолу түрмөгө бир жыл отурган, экинчи жолу 25 жашында түрмөгө түшкөндө ал өмүр бою эркинен ажыратылган.
Симмонс түрмөдө канча жыл отурганын өзү унутуп калган.