Испанияда анатомия мугалими окуучуларга дененин түзүлүшүн чагылдырган костюм менен сабак өттү

Испанияда анатомия мугалими окуучуларына адамдын түзүлүшүн сүрөттөгөн атайын костюм кийип, сабак өткөн. Бул тууралуу испаниялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, 43 жаштагы Вероника Дуке Испаниядагы мектептердин биринде 15 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал анатомия сабагын окуучуларына кызыктуу, өзгөчө кылып өткөнгө ар дайым аракет кылып келген. Бул жолу Вероника адамдын түзүлүшүн толугу менен чагылдырган атайын костюм кийип келген. Бул идеясын күйөөсү колдоп, тартып алган сүрөттөрүн социалдык баракчасына жүктөгөн. Бул сүрөттөр аз убакыттын ичинде коомчулукка тарап, элдин мактоосуна татыган. Аракетчил мугалимдин идеясы жана ишине болгон өзгөчө ыкмасы мектептин жана окуучулардын да купулуна толгон. Ал эми Вероника Дукенин айтымында, бул өзгөчө костюмду кытайлык интернет-дүкөнүнөн буюртма аркылуу сатып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Benazir08
2019-12-26 09:14:27
Сонун ото сонун озгочолук ишине болгон кызыгуусу ото кучтуу экен
+2
kechirmeni
2019-12-26 12:49:15
Сонун, кызыктуу болсо керек, мен да "кызыгып" кеттим
-2
islan_85
2019-12-27 08:14:18
kechirmeni,
Экинчи суротунобу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан