Аткарган ролу үчүн эң көп гонорар алган киножылдыздардын тизмеси аныкталып, тизменин башын актёр Киану Ривз түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Киану Ривз "Матрица" триллогиясына тартылганы үчүн 250 миллион доллар алган. Брюс Уиллис "Алтынчы туюм" ("Шестое чувство") тасмасы үчүн 120 миллион доллар киреше таап, 2-орунга илинген. Ал эми 3-орундагы Уилл Смитт "Кара кийимчен адамдар" ("Люди в черном") жана Том Круз "Дүйнө согушу" ("Война миров") тасмалары үчүн 100 миллион доллар алышкан. Ошондой эле кийинки тизмени Роберт Дауни-кичүүсү, Сандра Буллок ээлеп, Том Круздун аты эки ирет аталган.