Орусияда цирк жаныбарлары "пенсия" ала башташат

Орусияда 2020-жылдан баштап цирк жаныбарларын камкордукка алган мыйзам долбоору иштеп баштайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

“Маданий жана көңүл ачуу иштерине пайдаланылган жаныбарлар өмүрүнүн аягына чейин камкордукка алынышы шарт. Жаңы мыйзамдын нормаларына ылайык, шарттары начар жерде кармалган цирк жаныбарларын конфискациялоо чарасы дагы каралган. Мындан тышкары, цирк жаныбарларына алардын энергиясын арттыруучу дары-дармектерди берүүгө тыюу салынды. Эми экология жана жаратылышты коргоо мыйзамы 2020-жылдын 1-январында күчүнө кирет. Анын негизинде цирк жаныбарларына “пенсия” чегериле баштайт”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, мыйзамды экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитети сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
GARENA
2019-12-26 14:21:17
Молодцы
+1
Mister-X
2019-12-26 17:01:54
Биздин пенсионерлерден коп алса керек.
+1
tular
2019-12-26 20:35:03
Россия биринчи кары адамдарына пенсияны жөндөп төлөп алсынчы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан