Бул факты боюнча Ташкент шаарындагы Мирзо-Улугбек райондук прокуратурасы тарабынан "Алсыз абалдагы адамды атайылап өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Учурда шектүү кармалып, тергөө иштери уланууда.
Ташкентте мас киши кичинекей кызды төртүнчү кабаттан ыргытып жиберип, кыз ошол жерден мерт кетти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, киши бул ишке бирге жашаган аялы менен урушуп кеткендиктен барган.
"20-декабрда болжол менен түнкү саат 01:30дарда буга чейин соттолгон 41 жаштагы киши жарандык никедеги аялы менен спирт ичимдигин ичип, ортодо уруш чыккан. Анын жүрүшүндө мас болуп калган адам аялдын төрт жаштагы кызын терезеден ыргытып жиберип, кыз ошол жерден мерт болгон", - деп айтылат маалыматта.