Орусиянын Красноярск өрөөнүндө жергиликтүү жеке ишкер жашоочулары менен бирге айылды 20 миллион рублга сатыкка койгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү интернет айдыңына жеке ишкер Вадим Федяев жашоочулары менен айылды сатары тууралуу жарыя калтырган. Анда ал «Васильевка айылын сатам. Анда 45 чакты үй, мал-чарбачылык комплекси, нефть базасы, канаттуулар фермасы бар. Айлана жалаң токой. Аңчылыкка, балык уулоого сонун жай. Соодалашсак болот, алмаштырганга болбойт", - деп жазган ал.
Айылда интернет жок болгондуктан тургундар окуя тууралуу кийинчерээк, тууган-тааныштары чалып сурап баштаганда гана билишкен. Айылдын сатыкка коюлушуна нааразы болгон жашоочулар жарыяда туура эмес маалыматтар берилгенин айтышкан. "Көпчүлүк жашоочулар үйлөрүн таштап башка жакка көчүп кетишкен. Андыктан 18 жылдан бери айрым үйлөр бош, терезе, полу талкаланган. Айрымдары менчиктелип кеткен", - дейт жашоочулар.
Учурда окуя боюнча аймактык иликтөө комитети иш жүргүзүүдө.