Тажикстанга 1 миллион доллар инвестиция кылган ар бир инвесторго 5 жылга виза берилет. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Тышкы иштер министрлигине миллиондоп инвестиция кылгандарга виза берүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле чет элдик туристтерге туристтик визаны 45 күндүктөн 60 күнгө чейин узартты. Эки жаранга ээ болгон Тажик жарандарга 3 жылдык виза берилет.