Борбордук Африка Республикасынын Банги шаарында кагылышуудан 30 киши курман болду. Кагылышуу согушкерлер менен соодагерлердин катышуусунда болгон. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашкан.
Маалыматта айтылгандай, шаршемби жана бейшемби күндөрү мусулмандар отурукташкан PK5 кварталында согушкерлер менен соодагерлердин ортосунда кагылышуу орун алган. Жергиликтүү мечиттин имамы Авад аль-Каримдин айтымына караганда, мечитке 30 кишинин жансыз денесин алып келишкен. Ал эми кагылышуунун себеби соодагерлердин кварталды көзөмөлдөп турган согушкерлерге акча топтоп бербегендиги болгон.
Кагылышуунун кесепетинен 40-50 дүкөн жана бир канча турак үй өрттөнгөн.