"Bek Air" авиакомпаниясынын Алматы шаарынан Нур-Султанга учкан учагы дарегине жетпей, кулап түштү. Бул тууралуу казакстандык жергиликтүү булактар жазып чыгышты.
"Бүгүн, 27-декабрь күнү Алматыдан борборго карай учкан учак радардан жоголуп кеткен. Учакта 95 жүргүнчү, 5 экипаж мүчөсү бар", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, учак учарда бийиктикти жоготуп, бетон тосмону сүзүп, 2 кабаттуу курулушка кулап түшкөн. Жабырлануучуларды куткаруу иштери жүрүүдө. Учурда каза болгондордун саны 7ге жетти.