Казакстанда инвесторлор жана алардын үй-бүлөлөрүнө көп жолку виза бериле баштайт

Казакстан сенаты чет элдик инвесторлорго көп жолку виза берүүгө шарт түзгөн мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Анда конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президенттин кол коюусуна 26-декабрда жөнөтүлгөнү айтылган.

"Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөлүк инвестор эл аралык “Астана” каржы борборунун текшерүүсүнөн өтүшү керек. Андан кийин Казакстанга кеминде 60 миң доллар инвестиция салып, “инвестициялык резидент” аталууга тийиш. Эгер инвестордун резидент болуу өтүнүчү канааттандырылса, анда ал беш жылга виза ала алат. Инвесторго салык жеңилдиктери берилет. Казакстан каржы министри, вице-премьер Алихан Смаиловдун айтымында, программанын максаты – инвесторлор жана алардын үй-бүлөлөрүнө көп жолку виза берүү аркылуу Казакстанга капитал тартуу", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин "Doing Business" рейтингинин түзүүчүлөрү Казакстанда бизнес ачуу жана жаңы компанияны каттатуу оңой экенин, кыйынчылыктар кийин – коммуналдык түйүндөргө кошулуу, объектилерди куруу үчүн уруксат алуу жана салык төлөө учурунда жараларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2019-12-27 16:26:31
Тажик, Казак туугандар билет окшойт бир несе, утурлай эле биринин аркасынан бири.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан