Орусиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта өткөн Түнкү хоккей лигасынын жолдоштук беттешине катышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Жаңы жылдык деп аталган лиганын курамасында коргоо министри Сергей Шойгу, саясатчылар, бизнесмендер жана хоккей жылдыздары чыкты. Путиндин командасында Шойгу, белгилүү хоккей спортчулары Павел Буре, Валерий Каменский, Сергей Федоров ойноду. Ал эми алардын атаандаштары бизнесмендер Геннадий Тимченко, Владимир Потанин жана губернаторлор Алексей Воробьев, Алексей Дюмин жана башкалар болушту. Жыйынтыгында Путиндин командасы жеңишке жетишти. Алар атаандашын 14:7 упай эсебинде утуп алды", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Түнкү хоккей лигасы 2011-жылы Владимир Путиндин демилгеси менен ачылган. Максаты жарандарды спортко кызыктыруу, тартуу жана хоккей ышкыбоздору арасында хоккей бирикмесин түзүү болуп саналат.