Мексиканын археологдору буга чейин белгисиз болгон майя цивилизациясына таандык байыркы курулушту табышты. Бул тууралуу Мексиканын улуттук тарых жана антропология институту билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бийиктиги 55 метрге жеткен курулуш Юкатан жарым аралынан табылган. Курулуштун айрым бөлүктөрү бүгүнкү күнгө дейре жакшы сакталгандыгы айтылууда. Ошондой эле байыркы адамдардын көрүстөнү сөөктөрдүн калдыктары менен кошо табылган.
Бул аймакты изилдөө иштери келе жаткан жылдын март айына чейин уланмакчы. Бул убакыт аралыгында археологдор байыркы шаардын тургундарынын жашын жана өлүмүнүн себебин аныктоого аракет кылышат.