Жактоочу Замир Жоошев КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаевага кылмыш ишин уюштуруу боюнча айып коюлуп, аны сотко алып бара жатышканын билдирди.
"ИИМдин Тергөө башкармалыгы Кундуз Жолдубаевага барымтага алуу, баш аламандык уюштуруу жана күч менен бийликти басып алууну уюштуруу боюнча айып койду. Учурда сотко алып бара жатышат. Аны СИЗО-1ге камаганы жатышат. Кундуз Жолдубаева өзү жалгыз 5 жаштагы кызын тарбиялап келет, аны СИЗОго кармоо акылга сыйбаган чечим экендигин айтса болот", - деп билдирди Жоошев.