Кундуз Жолдубаеванын кызы түнү жана суукта соттун имаратынын жанында апасын күттү

Бүгүн, 28-декабрда түнү Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев жана КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын баш коргоо чарасы каралды.

Кодуранова, Карамушкина, Мискенбаев, Жолдубаева кечээ, 27-декабрда ИИМдин Тергөө башкармалыгына саат 14:00дө сурак берүүгө киришип, кийин барымтага алуу, баш аламандык уюштуруу жана күч менен бийликти басып алууну уюштуруу боюнча айыптар коюлганы маалымдалган.

Бул аралыкта Жолдубаеванын 5 жашар кызы апасын түнгө жана кыштын суугуна карабай, сурактан, кийин соттун имаратынан чыгышын күтүп жатты. Жолдубаева жалгыз бой эне экенин айтып келери маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
isarti
2019-12-28 09:59:24
Кундуздун кызы энесин болгону сурактан чыкканча күтүптүр, ал эми атылган жоокердин балдары атасын өмүр бою күтсө дагы келбес жакка жөнөткөндөрдүн бири Кундуз болуп жатпайбы. Ага ким жооп берет ???
+38
Agayu
2019-12-28 10:04:45
Саясатка жаш балдарыңарды аралаштырбагыла пешка катары колдонбогула!!! Как будто Европада АКШ да жүргөндөй ойлосоңор , ошолордой өнүгүп алгыла !!
+16
Qwer007
2019-12-28 10:05:28
Журналисттер дагы олуп бутконда. Башка бейкуноо соттолгондордун 1 эмес 4-5 баласы чыркыраса да эч ким эч нерсе дебецтго..жэ булар башкача адамдарбы
+13
JaneEr
2019-12-28 11:04:05
Кызын бетке тутуп атабы Жолдубаева?
+8
Ali2016
2019-12-28 11:09:59
Көнүмүш адатка айлантып жатышат камалып күнөөсү болсо балдарын алдына калкан кылуу жаш бөбөктү саясатка аралаштырып эмне кыласың камайм десе балаңа карабайт күнөөң болсо күнү түн баш аламандык уюштуруп атканында кызың менен барбадын элегоо Кундузка калп эле боорукер болуп кетесиң өлгөн жоокердин апасы бала чакасы канча күтсө да келбейт ошону ойлодуңбу кылдыңбы жооп бер кызыңды калкан кылбай жалгыз бой эне деп тим эле жалгыз бой болсоң ошондо көтүңдү кысып олтурбай белең кызыңдын жанында
+11
Belek1710
2019-12-28 11:37:02
Жаш баланы суука тоңдуруп, өзүнүн иштерине аралаштырып эмне кереги бар эле, бала ооруп калса эмне болот деп ойлобойбу. Доолу неме го Кундуз өзү балаңы аясан боло.
+16
titanik32
2019-12-28 11:41:43
Индира акмачка экен суукта кызын аралаштырып.Жайындасы Кой ташта кызым жок бойдокмун деп таанышкан жергиликтүү жигиттер менен.Эми мынтип артына күч келгенде кызын бетине кармап.
+5
titanik32
2019-12-28 15:04:10
titanik32,Кечиресиздер Индира эмес Кундуз Жолдубаева
+1
milan-707
2019-12-28 12:12:03
Мода болуп калды азыр камалса эле балдары аралаштыр коюп башында жакшы ойлонуп көрүш керек эле
+3
bond02
2019-12-28 12:27:32
Озунордун балдарынарды ойлогулачы саясатчылар.
+2
arnal78
2019-12-28 14:00:31
Неужели Кой-Таштан бир адам кичинекей кызга жок дегенде тоок сойуп ысык шорпо алып келе албады бука болбосо да. Же жылуу бир жерге алып кирип кошо куто алышбады.
+9
Musafir
2019-12-28 15:21:01
Саясатта п.к барбы катын-кишиге, кайдагы пайдасыз сасык саясат деп жүрүп уул-кыздарыңарга деле жарытаарлык тарбия бере албайсыңар. Кундуз ушунан көрө күйөөгө тийип бактылуулукка карай жол тартсаң болбойбу?
+1
KAYRATBEK
2019-12-28 15:21:56
7-августка чейин мамлекетти бир тыйынга албай мыйзамдарды уруп ойнобойбуз деп, Мурунку президентти пир тутуп жургондо кийинки келечек кандай болушун бугун эмес 7-августька чейин ойлонуш керек эле. Уй камагына суйунушсун. Мен болгондо 9-августа корсотмокмун мамлекетти тоготпогон кандай болушун.
+3
ainura220888
2019-12-28 22:04:05
Итаг эле кызы апасын туну куну корбой нянька эле багып чонойтсо керек. Эми эле камаларда кызын эстеп апкелип алганын кара. Кыздын психикасын бузуп. Адилетсиз олко болуп чыга келет сразу. Бир нерсе десен. Оздору журдуго атамбаевди жандап. Ошондо неге кызыны ойлободун?
+2
Dembele84
2019-12-29 03:20:59
Жетмдер тытып жиберипсинер го Жолдубаеваны,молодцы!!!
+2
Oshondoi
2019-12-30 10:26:49
Башкага окшоп сатып кетпей аягына чейин турушту, аял башы менен. Баарынар эле табаалап калыпсынар, бир биринерди бийлик, акча жана ж.б учун саткыла. Мага бары бир ким кимди камайт, ак ит кара ит бары бир ит дегендей айырмасы жок. Же ###### жашай бергиле, кирип алып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан