Алматы шаарында кулап, кырсыкка кабылган учактын капитаны Марат Муратбеков дагы каза болгондордун тизмесинин катарына кирди. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактары жазышууда.
27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына учак кулап, кырсык болгон. Кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Казак бийлиги кырсыктан 14 адам каза тапканын жана 66 киши ар кандай жаракаттардан улам ооруканага жеткирилгенин кабарлаган.
28-декабрь Казакстанда кырсыкка байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жабыр тарткандардын арасында бир Кыргыз жараны бар экени маалым болгон.