Канада өлкөсүндө СВС телеканалы "Үйдө жалгыз 2" тасмасындагы АКШнын президенти Дональд Трамп катышкан эпизоддук роль бар жерди кесип салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган тасма көгүлтүр экранга 1992-жылы чыкканы белгилүү. Анда учурдагы АКШнын президенти Дональд Трамп эпизоддук роль аткарган. Ал тасмада болгону бир эле жолу көрүнөт. Трамп негизги каарманга мейманкананы табууга жардам берип, багыт көрсөтөт. Анын тасмадагы өнөктөшү актёр Маколей Калкин же негизги ролду ойногон Кевин болгон.
АКШнын президенти бар кадрдын жоголуп кеткенин көпчүлүк көрүүчүлөр байкап, аны саясий буюртма деп баалашкан. Бирок бул айтылган кептерди аталган телеканал четке кагууда.