Бир пост үчүн миллион доллар: Эң кымбат инстаграм-блогерлердин тизмеси аныкталды

Дүйнөлүк маалымат каржаттары бул жылы эң көп каражат тапкан инстаграм-блогерлердин тизмесин аныктады.

Биринчи орунга португалиялык футболчу Криштиану Роналду чыккан. Ал журналисттерге бир пост үчүн 1 миллион долларга чукул каражат алганын айткан. Мындан улам спортчу жыл ичинде 47,8 миллион долларга иштеген. Анын капчыгына негизги каражат спорттук кийим кечелерди, парфюмдарды жана косметикалык каражаттарды жарнамалагандан келип түшкөн.

Ал эми экинчи катарга аргентиналык футболчу Лионель Месси илинген. Анын бир посту 678,5 миң долларды түзүп, жыл ичи 23,3 миллион долларга капчыгын кампайткан.

Үчүнчү сапка америкалык супермодель Кендалл Женнер илинген. Ал Кардашьяндардын үй-бүлөсүнүн өкүлү болуп эсептелинет. Анын бир постуна жарнама берүүчүлөр 640,5 миң доллар төлөөгө милдеттүү болушкан.

20 тизменин ичинен төртүнчү орунду англиялык футболчу Дэвид Бекхэм камсыздаса, бешинчи орунду америкалык ырчы Селена Гомес камсыздаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Store
2019-12-29 18:14:34
Ошондо буларда блоггерлердин катарына кирип калышабы? Мен блоггер десе жанагы жутубдагы ушакчыларды эле элестетип алгам)).
+19
bond02
2019-12-30 00:53:42
Биздикилерден дайын жокпу, бир жолу мактанып жатышат эле го бир посттум канча мин деп.
+4
Dembele84
2019-12-30 08:21:53
bond02,дуйно жузундогу звездалардын тапкандары жонундо соз болуп жатат,биздин кыкелердин тапканы Кыргызстан ичинде гана
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан