Бангладеште сууктун кесепетинен 50 адам курман болду. Ал жакта ооруканалар адамдарга толгон. Адамдар арзан кирешеден улам жетишерлик деңгээлде жылуу кийим алганга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Ага ылайык, ал жакта сууктун кесепетинен 50дөн кем эмес адам курман болду. Алардын ичинен 17 адам распиратордук инфекциянын курмандыгы болсо, 33 адам диареядан каза болгон.
Өлкөнүн ооруканалары грипп жана пневномония менен ооруган адамдарга толгон. Өлкөдө бул жылы абанын температурасы -4,5 градус целсияны түзүп жатат.
Мындай суук жана коюу туман бир канча күн өкүм сүрөрүн божомолдоп жатышат.