12 жашынан чылым чеккен адам тилинен айрылды

Улуу Британиянын 66 жаштагы тургуну Генри Приддинг учурда жасалма тил менен жашайт. Мындай абалга жетишине анын чылым көп чеккени себеп болгон. Бул окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 12 жаштан бери чылым чегип келген Генри 62 жашында рак илдетине кабылган. 14 саатка созулган операцияда Генринин 10 тишин жулуп, терисинен жасалма тил коюшкан. Ал эми жаагын карматуу үчүн бетине металлдан темир, ийне орнотулган. Ушундай жыйынтыкка кептелгенде гана ал чылым чегүүнү токтотуп, башкаларга да жаман адаттан арылууну сунуштаган. Кызыгы, анын жубайы да бир нече жыл мурун өпкө шишигине кабылып, чылым чегүүнү токтоткон. 2012-жылы химиялык терапияны өткөн соң жубайы илдеттен арылганы белгилүү болгон.

Ушул окуядан соң Генринин 5 баласы, 12 небереси тең чылымдан алыс жашап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asash
2019-12-30 10:18:39
Мына живой пример, кудайым берген ден соолукка биз нараазыбыз да,анын пайдасы жок, таза ден соолугубузга нааразы болуп, озубузду олтуруп,зыян келтирип жатабыз.кимде ким ушундай жаман адаты болсо,таштоону сунуштайм
+6
Assalomuallekum
2019-12-30 11:34:39
Сигареты, насбай Арак ичпейм Жакшы экен ушундай болсон
+10
Tolkun555
2019-12-30 13:06:21
Жыйырма жыл арак вино.24 жыл сигарет чегип журуп баарын таштаганыма 6 жыл болду.асыз деле жашоо зынк.кудайга шугур.канча Эрик таштасан ошончо тез бактылуу болосун.
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-12-30 17:50:30
Tolkun555, кантип таштадыныз? Кененирээк айтып берсеңиз.
+2
allia
2019-12-31 00:58:14
Ушундай болот. Мен 3 жыл чегип-ичип жүрүп азыр оор дарт менен ооруканада жатам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан