Бул жылы дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында турган Билл Гейтс АКШнын Мичиган штатынын жашоочусу, 33 жаштагы Шелби аттуу айымга сырдуу Аяз ата болду. Тагыраагы, ал жалпы салмагы 37 килограмм болгон белек тартуулаган. Анда жалпы 41 белек камтылган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Шелби белектердин ичинен "Улуу Гэтсби" (Великий Гэтсби) кол жазма китеби жан дүйнөсүнө жаккандыгын билдирген. Мындан сырткары, бардык белектерди видеого тартып көрсөткөн. Алган белектердин ичинде "Твин Пикс" сериалынын сувенирлери дагы бар. Алардын ичинде сценарийдин көчүрмөсү, тасманы тартуу учурундагы тартуучу топтун катышуучулары кийип жүргөн футболка жана күрмө болгон. Гарри Поттердин стилиндеги майрамдык шляпа дагы болгон. Андан сырткары, 2019-жылдагы Гейтсу жакшы көргөн китептер жана Гарри Поттер стилиндеги конструктор бар болгон.
АКШнын жашоочулары жыл сайын Жаңы жылдык "Сырдуу Аяз ата" салтын өткөрүшөт. Мында анонимдүү белектерди алмашуу орун алат.
Билл Гейтс – планетадагы эң бай адамдардын катарында турат. "Microsoft" корпорациясынын негиздөөчүсү. 1995-жылдагы "Forbes" журналынын версиясы боюнча планетадагы эң бай адам деп табылган. Бүгүнкү күндө анын байлыгы 96 миллиард 5 миллион доллар деп бааланууда.