Алматыдагы авиакырсыктын үч себеби айтылды

Алматыдагы 27-декабрь күнү эртең менен болгон авиакырсыктын себептери айтылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Ага ылайык, тергөө кырсыкка үч фактор себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.

“Биринчиден, кырсыкка учактын техникалык мүчүлүштүгү, экинчиден аба ырайы жана үчүнчү себеби катары учуудагы кетирилген кемчиликтер болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Авиакырсык болору менен анын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлгөн. Президент Касым-Жомарт Токаев кырсыктын себебин тактап, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жазалоо тапшырмасын берген”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Алматы - Нур-Султан багытындагы учак абага көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголуп кеткен. Көп өтпөй анын бетон курулушту сүзүп кулаганы белгилүү болгон. Кырсыктын кесепетинен 12 киши каза тапкан. Учакта жалпысынан 95 жүргүнчү болгон. Алардын арасында Кыргыз жараны дагы бар, анын абалы канааттандырарлык экени маалымдалган.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков 27-декабрга караган түнү хирургдар тобу менен жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында Алматы шаарына учкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан