Австралиядагы өрттүн кесепетинен 30 миңге чукул турист эвакуацияланды

Австралиянын Виктория штатында 16 масштабдуу өрт катталды. Өрттүн чыгышына аптаптуу аба ырайы менен шамал себеп болууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришкен.

Маалыматка ылайык, Австарлиянын түштүгүндөгү Жипсленд аймагындагы 30 миңге чукул турист эвакуацияланган. Ошондой эле токой өрттүн кесепетинен Фернелл, Тамбун жана Түштүк Тамбун шаарларынын тургундары да өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Синоптиктердин айтымында, аба ырайынын шарттары кырдаалды курчутуусу күтүлүүдө. Көпчүлүк шаарларда аба ырайы 40 градуска чейин ысык болууда. Ал эми 31-декабрь күнү шамал өзүнүн багытын өзгөртөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoro
2019-12-31 03:20:44
Бангладеште кун суук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан