Элдин эсинде калган куттуктоо. Володимир Зеленскийдин жаңы жылдык куттуктоосу алкоого алынды

Украинанын президенти Володимир Зеленский элин Жаңы жылы менен куттуктап, мактоого татыды. Дегенибиз, Зеленский салтка айланган куттуктоодон алыстап, ар бир Украин жаранын 2020-жылды "Мен киммин?" деген суроодон баштоого чакырды.

"Адатта президенттин Жаңы жылдык куттуктоосунда макроэкономиканын көрсөткүчүн, инфиляциянын төмөндөшүн айтып, бизге түшүнүктүү боло бербеген терминдер тууралуу сөз сүйлөйт. Бир сүйлөм менен айтканда, "чындыгында, биз мурдагыдан дагы жакшы жашоодо жашап жатабыз" дейт. Мындан улам биз президент кайрылуу жасап жатканда, телевизордун үнүн өчүрүп салабыз. Президент сөзүн жыйынтыктаганга чейин шампан ичпей, оливье жебей күтүп отурабыз. Бүгүн башкача болот", - деп баштаган Зеленский куттуктоосун.

Андан кийин Володимир Зеленский ар бир Украин жараны ар башка экенине басым жасап, аларды бири-биринен кесиби, тили, дини, саясий көз карашы жана социалдык макамы айырмалап турарын айтат. Ал үй-бүлөгө, мекенге болгон сүйүү ар кандай адамдарды дагы бириктирип, ынтымакка чакыра турганын белгилеген.

Куттуктоонун форматын өзгөрткөн Зеленский украин, орус, венгер жана крымдык татарлардын тилинде сөз сүйлөгөн.

Эң өзгөчө куттуктоо! Мактоого алынган Зеленскийдин куттуктоосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Store
2020-01-01 17:43:15
Булда кыйрата албайт экен, келгенинен бери норма реформанын жыйынтыгы жок хахолдордода.
-14
Adi010891
2020-01-01 18:54:57
Store,Анда сиз барып кыйратып берип коюнузда!
+18
KG.Kushtarbek
2020-01-01 19:07:08
Кахолдор Кыргыздардын душманы москвада еч иштеше албайызда ушулар мн
+6
xnurgul_gul
2020-01-02 00:35:08
KG.Kushtarbek,бул хахолдор менен эч ким келише элек
+4
KG-zigit
2020-01-01 20:25:52
Кооз кооз создордун не кереги бар
Андан коро Армяндардын окмотундой резултат коргозсонор сонун болмок "ЧИНОВНИКТЕР"
+6
Paol
2020-01-01 21:23:17
Не забывайте он юморист,актер
+1
leilekstan_1987
2020-01-02 00:09:43
Меньше слов больше дел Жолдош Зеленский создон ишке отуш керек
+3
Shaa-82
2020-01-02 13:34:35
Мага ушул президенттин келип эле парламентин таркатып ийгени жакканда)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан