9-кабатка бараткан лифт кулап, ичиндеги 4 үй-бүлө мүчөсү каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Бразилиянын Сан-Паулу шаарында 30-декабрь күнү болгон. 47 жаштагы Жуселина Сантос конокко келген эжесин, жездесин жана алардын 19 жаштагы уулун тосуп алып, баары лифтке түшүп, 9-кабатка бет алышкан. Бир кезде лифт үзүлүп, кулап түшүп, ичиндеги туугандардын баары мерт кеткен. Көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын айтымында, эки жүргүнчү ташуучу лифт тең жолдон токтоп калып, эшиги ачылбай көп бузулчу. Кошумча авариялык баскычы иштечү эмес.
Маалыматка ылайык, аталган лифт 23-декабрда колдонууга берилген. Жүргүнчүлөр каза болгондон кийин лифтти текшерүү үчүн жаап салышкан.