30-декабрь күнү Индиянын борбору Дели шаарына 119 жылдан бери боло элек суук түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
30-декабрь күнү Дели шаарында катуу суук болуп, аба көрсөткүчү +9,4 градуска түшкөн. Адатта бул учурда Делиде +21 градус жылуулук болуп турган. Индиянын метеорологиялык кызматы билдиргендей, мындай суук 119 жылдан бери каттала элек.
Сууктан тышкары шаарды туман, кара түтүн каптап, унаа айдоочулары жолду көрбөй кырсык көп катталган. Сууктун кесепетинен 30 багытка барган поезддин иштөө графиги бузулуп, тумандан 450 авиарейс токтотулган. Мындай күтүлбөгөн сууктан жаш балдар, үй-жайы жоктор көп жабыркаган. Делидеги жатактар адамдарга толуп, түнү аба ырайы +1 градуска түшүп, үй-жайы жоктордун арасында көз жумгандар болгон.
Индиядагы үйлөр суукка ылайыкташып салынган эмес. Андыктан жылыткыч ала албаган миллиондогон карапайым эл жуурканына ысык суу куюлган бөтөлкөнү салып жылынып эптеп жан сакташкан.
Маалыматка ылайык, кыштын башында суукту Гималай тоосунун шамалы айдап келет. Бирок декабрь айынын аягында Уттар-Прадеш түздүктөрүндөгү шамалы менен алмашып, жылуулук орнойт. Былтыр ал жакта да суук шамал болгондуктан, Дели шаарында рекорддук суук орун алган.