Лондондун 20 жаштагы тургуну Пикассонун 26 миллион долларга бааланган эмгегин бүлүндүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Шакил Райан Месси Лондондогу Тейт Модерн галереясындагы атактуу сүрөтчү Пабло Пикассонун 75 жыл мурун тартылган 26 миллион долларлык «Бюст женщины» аттуу сүрөтүн айрып салган. Кылмышка шектелип Шакил Райан кармалып, 30-январга чейин камакка алынган. Бирок ал күнөөсүн моюнуна алган эмес. Учурда сүрөттүн канчалык даражада үзгүлтүккө учураганы аныкталууда.