2020-жылдын 1-январынан тартып Голландия өлкөсү расмий түрдө аталышын өзгөртүп, Нидерланды деп аталды. Голландия деген мамлекеттин аталышы соңку 25 жыл бою колдонулуп келген эле. Бул тууралуу нидерланддык радиокорпорация билдирди.
Маалыматка ылайык, Жаңы жылдан тартып элчиликтер, министрликтер жана университеттер Голландиянын ордуна Нидерланды деген аталышты колдонушат. Буга байланыштуу өлкөнүн символу да өзгөртүлөт деп билдирет радиокорпорация. Мындай реформа үчүн мамлекет 200 миң евро жумшаган.Нидерландылыктар Голландия деген аталыштан өткөн жылдын октябрь айында баш тарткан. Бийликтегилер Голландия туристтерге баңгизат жана кызыл фонарь кварталын (секс-индустрия өнүккөн район) элестеткендиктен, атын Нидерланды деп өзгөртүүнү колдошкон. Андыктан Токио олимпиадасында жана "Евровидение-2020" эл аралык музыкалык сынагында нидерландылыктар Нидерланды өлкөсү катары чыгышат.