Түркмөнстандын президенти Жаңы жылдык кечеде ырдап, ди-джейлик өнөрүн көрсөттү

1-январь күнү Youtube каналга Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы жылдык концерти жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 30-декабрь күнү президент майрамдык кечеде өзү ди-джейлик кылып, ырдаган. Бир саат бою конокторго чыгармаларын тартуулап, ди-джейдин аппараты кандай иштээрин, сэмпл деген эмне, музыканы кантип өзгөртүп, башкарса болот, кантип атайын эффекттерди колдонсо болот, баарын айтып берген.

Эске салсак, буга чейин Гурбангулы Бердымухамедовдун 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык кечеде "Каракум" аттуу ырына тартылган клиби көрсөтүлгөн.

Түркмөнстандын президенти Жаңы жылдык концертте ырдап, ди-джейдик өнөрүн көрсөттү
Түркмөнстандын президенти концерт койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
mirkaa5182
2020-01-02 16:58:29
Бул кишиде көп кырлуу талант бар экен.
0
Jelezo
2020-01-02 17:12:00
Президенттикти өткөрүп берип өнөрүн өркүндөтсө элге чоң иш кылмак экен
+3
interpol
2020-01-02 17:36:12
Маймылдан айырмаң деерлик жок сенин Гурбангулы
+3
KG-zigit
2020-01-02 19:01:16
Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жакшы
Эшеке килем жапсан дагы эшек
+1
aza84
2020-01-02 19:05:22
Бул жестокий диктатор
+1
KG.Kushtarbek
2020-01-02 19:10:59
Биздин ажообузданго
0
Absamat-90
2020-01-02 19:15:04
KG.Kushtarbek,ооба бизде да бир гитарист бар болчу...
-2
bond02
2020-01-02 19:34:29
Биздин гитаристтин да талантын талкалашты да.
+1
Dembele84
2020-01-03 12:04:13
bond02,Президенттикти тапшырган сон саясатка башын тыкпай,ошол гитарист ырчылык таланты менен кетсе мындай болмок эмес!
0
CHingiz90
2020-01-02 23:31:52
Өнөрүң болбосо да өбөлгөң болсо ушул да, бул киши ахалтекин деген пароданы жакшы көрөт бир өлүмдөн калган эле ат чабышта
+1
knk
2020-01-03 11:53:08
Ушундай алжыган чалдар дүйнөнү баш аламан кылып жатышат.
0
asash
2020-01-03 15:07:08
Айла жок бийлеп жатышат го кайран чондор, булар озун (тооба кылдым) кудай эле сезип алган,баякында аттан жыгылгандан кийин жон эле журбоптур,аттан жыгылгандан белгиси жаман,элден укканым бар,Курманжан датка энебиздин 120 жылдык маарекеси откондо ыраматылык Бекмамат Осмонов менен президент Акаев атта бара жатып Акаевдин аты мудурулуп кеткен дешет,Акаев эмне болду, Гурбангулы сиз да ойлонсонуз жакшы болот, талантын уйундо аялына ырдап берсен болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан