Сибирлик сүрөтчү Слава Степанов Кыргыз өлкөсүн, Казакстан жана Өзбекстанды бир сүрөткө учактын терезесинен тарткан. Бул тууралуу чет элдик маалыматтарда жазылды.
Сүрөтчү 2019-жылдын акыркы айларында учактын терезесинен жаратылышты, тоолорду жана бир канча өлкөнүн кооз жерлерин сүрөткө тарткан. Алардын катарына Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстанды тарткан сүрөт дагы кошулган.
"Сүрөттү тартууда артыкчылык ракурс, масштаб, түс абдан маанилүү", - деп жазган сүрөтчү.