Казакстанда унаага баллонду сүйрөтүп алып, жылгаяк тээп бара жаткандар жол кырсыгына кабылып, эки жаран каза болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
"Үч бала унаа жолдо жылгаяк тебүүнү пландашкан. Анда Nissan Terrano унаасын 19 жаштагы айдоочу айдап, ал эми эки бала машинанын артына резина баллонду байлап, анан жылгаяк тебишкен. Алар жолдо бара жатып, карама-каршы келе жаткан унаанын дөңгөлөгүнүн алдына кирип кетишкен. Кырсыктан 17 жана 18 жаштагы балдар алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде каза болушкан. Ал эми 19 жаштагы айдоочу кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.