Москва шаарынын үйү жок тургундарынын бири "Parislife" деп аталган фитнес-клубдар тармагын сотко берип, 140 миң рублдан ашуун каражат өндүрүп алды. Ал жарым жылдан ашуун фитнес-клубдун кызматынан пайдаланып, тагыраагы шкафта түнөп, бирок анын үстүнөн башка кардарлар арыздана баштаган.
Окуянын баары төмөндөгүдөй орун алган. Селсаяк 2017-жылдын аягында фитнес-клубдун бир жылдык лимити жок картасын 11 миң 100 рублга сатып алып, анда шкафтардын бирин ижарага алган. Шкафта түнөп, андан тышкары буюмдарын да сактаган. Бирок машыгууга келгендер анын шкафта жашап жүргөнүн көрүп, администрацияга арызданышкан. Жыйынтыгында, фитнес-клуб адегенде селсаякка күнү-түнү келүүгө мүмкүн болгон графиктен түнкүгө жылдырышат, ал эми 2018-жылдын июнь айында картаны жараксыз кылышып, шкафты кулпулап салышкан.
Селсаяк кол куушуруп отуруп калбайт. Ал укугун коргоо үчүн түрдүү мекемелерге, анын ичинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, прокуратурага арызданган. Чырга карабай 2018-жылдын ноябрь айында селсаяк ошол эле фитнес-клубдун башка борборунан дагы бир жылдык картаны 20 миң рублга сатып алган. Окуя биринчи учурдагыдай эле кайталанат.
Селсаяк карталарды сатып алууга короткон каражатын кайтарып алуу максатында жана моралдык зыян үчүн фитнес-клубду сотко берген. Сот фитнес-клуб бир тараптуу келишимди токтотуу менен доогердин укугу бузулганын айтып, фитнес-клубдун администрациясын 140 миң рублдук айып пулга жыккан чечим чыгарган.