Атың чыкпаса өрттүн жанында сүрөткө түш! Күйүп жаткан үйдүн жанында сүрөткө түшкөн өрт өчүрүүчүлөр

АКШнын Мичиган штатынын Детройт шаарынын өрт өчүрүүчүлөрү өрттөнүп жаткан үйдү өчүрүүнүн ордуна тобу менен өрттүн фонунда сүрөткө түшүп, сынга кабылышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн сүрөтү аталган бөлүмдүн Фейсбуктагы баракчасына "Бригада Жаңы жылдык селфи кылуу үчүн жакшы маал тапты" деген билдирүү менен жарыяланган. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттү катуу сынга алышкандыктан, сүрөт көп өтпөй өчүрүлгөн. Шаардык администрациянын өкүлүнүн билдиришинче, өрт болгон үйдө эч ким жашаган эмес. Кызматкерлердин бири пенсияга чыгып жаткандыктан алар тобу менен эстеликке сүрөткө түшүшкөн.

Детройт шаарынын өрт өчүрүү кызматынын комиссары Эрик Жон мындай жорукту орунсуз жана профессионалдуулукка жатпайт деп билдирип, окуя териштирилерин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
eddi.
2020-01-04 09:45:22
Эми адам өлгөн жерге барып сүрөткө түшпөсө эле болду,биздин ......?
-7
Alimbek1000
2020-01-04 11:07:42
eddi., Булар АКШнын өрт өчүргүчтөрү акмак. Биздин деп эмнени айткың келип турат? Сендейлер бар мамлекет өнүкпөй жатат.
+3
Kattaldym
2020-01-04 12:57:34
Окуяны териштирээрин же окуя териштирилээрин деп жазгылачы тантыбай. Окуя териштирмек беле.
+2
arimaz89
2020-01-04 19:23:40
Kattaldym,"окуя териштирилерин"
эле деп турат го?
0
eddi.
2020-01-04 15:10:44
Alimbek1000,Сага окшогон акмактар да
0
bond02
2020-01-04 11:15:59
Мындай мээси жок кызматкерлерди суусу жок орт болуп жаткан жерге айдап кириш керек да, очургуло деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан