Кой-Таш окуясына байланыштуу иши каралып жаткан Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаеванын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына билдирди.
"30-декабрь күнү Мамлекеттик экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрү токтомду колубузга карматып кетишти. Анда Кой-Таш окуясына байланыштуу иши каралып жаткандардын кимисинин мүлкү болсо, баарыныкы камакка алынганы маалымдалган. Тизмеде мен, Ирина Карамушкина, Равшан Жээнбеков бар. Асел Кодуранованын мүлкү жок болгондуктан, ал тизмеге илинген жок. Ал эми Мээрбек Мискенбаевдин мүлкү жок болсо да Мискенбаев деген фамилиялардын баарын камакка алып коюптур", - дейт Кундуз Жолдубаева.