Көрсө, ушундай да болот экен! Норвегиянын баш калаасында өткөн жылы адам өлүмү катталган бир гана жол кырсыгы болгон

Норвегиянын баш калаасы Ослодо өткөн жыл ичинде адам өлүмү катталган бир гана жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу аталган шаардын жол кыймылынын башкармалыгы жүргүзгөн иликтөөдө жазылган.

2019-жылы Норвегиянын жолдорунда бир дагы бала жол кырсыгынан каза болгон эмес. Ал эми өлкөнүн борбору Ослодо адам өлүмү катталган бир гана жол кырсыгы болуп, анда айдоочу унаасы менен жол боюндагы тосмону сүзүп, көз жумган. Баш калаада бир да жөө жүрүүчү же велосипед айдаган адам жол кырсыгынан каза болгон окуя катталган эмес.

Аталган өлкөдө да, борбор шаарында да акыркы он жыл ичинде жол кырсыктарынын адам өлүмү менен аяктаган учурлары кескин азайган. 1970-жылы өлкөдө жол кырсыктарынан 560 адам, анын 101и бала. 1985-жылы 482 киши, 2019-жылы 110 адам каза болгон. Ал эми Ослодо 1975-жылы жол кырсыктарынан 41 киши кайтыш болсо, 2019-жылы бул көрсөткүч 1 адамды түздү.

Жол кырсыктарынын санын кыскартуу үчүн бир канча аракеттер көрүлгөн. Анын катарында шаар ичиндеги ылдамдыкка чектөө киргизилген. Ослонун борбордук райондорунда автомобиль жүрүүчү жолдор кыскарган, жолдордун сапаты жакшыртылып, унаалар заманбап жабдылган. Ошондой эле акыркы жылдары Норвегияда велосипед популярдуу болуп бара жатат.

Ослонун калкынын саны 673 миң кишиден ашуун, ал эми жалпы Норвегиядагы калктын саны 5 миллиондон ашуун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
maksel2009
2020-01-04 19:38:01
Жакшы экен
+6
talaa11
2020-01-04 20:08:01
Биз Кыргыздар жол кырсыгынан эле кырылып жок болот окшойбуз
+6
mirkaa5182
2020-01-04 20:34:28
Айдоочулардын да айдоо маданияты жогору.
+7
Mylatka..
2020-01-04 20:36:14
Негизгиси коррупциянын жоктугунда жана транспорт кызматкериби жол кызматкериби оз кызматтарын так аткарганында .Ал эми жолоочунун озунун омуруно кайдыгер карабаганында ...(бизде ичип алып айдайт ,же болбосо ылдамдыгын 2 эсе ашырып айлашат.Ал эми кымбат баалуу машина мингени созсуз каршы тилкеге коркпой чыгат ,иши кылса акча болсо каалаганынды кылсан болот деген принцип мн кобуроок жашоо кечируудобуз.)
+10
Dembele84
2020-01-04 20:49:00
Норвегия бардык жагынан алдыда дуйнодо
+5
Farra16gsin
2020-01-04 21:02:21
Бизде жок дегенде күнүнө эки адамдан туура келет экен кыргызым согушу жок эле кырылып бүтмөй болдукко
+4
murat17
2020-01-04 22:56:07
кыргыздар уйрончу нерсе экен
+6
Islambek123
2020-01-04 23:48:08
Мамлекет калк учун иштейт,баары мыйзамга баш ийет,элдер,айдоочулар бирин бири сыйлайт, маданияттуу деп койсок болобу же ото ашырып ийдимби?
+4
akmanai
2020-01-05 04:16:43
Ар бир жараны озун озу анан коомду сыйлаган олкодо баардык балакеттер аз болот
+5
tular
2020-01-05 20:27:09
Бизде ГАИлер оздору мас абалда авария болуп жатышпайбы!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан