Орусиянын Владивосток шаарында 30 чакты унаа муздун түбүнө кирип кеткен. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Приморск өрөөнүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, балык уулоочулар унаа менен барууга тыюу салган жерге өтүп, унааларын бири-бирине жакын коюп коюшкан. Ошонун кесепетинен Воевод булуңундагы муздун астына 30 чакты унаа жарым-жартылай кирип кеткен. "Сууга түшүп кеткен унаалардын бирөөсүнүн үстү араң көрүнүп, бирөөсү капотко чейин, дагы бири дөңгөлөгү менен муздун түбүнө кирип кеткен. Айдоочулардын жарымы аракет кылып жатып муздан чыгып кетишти. Ал эми калгандарына куткаруучулар жардам беришүүдө", - деп жазылат маалыматта.