АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын 52 аймагына, анын ичинде маданий жайларга ыкчам жана катуу сокку урушу мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына "АКШ жаңы гана аскер техникасына 2 триллион доллар коротту. Биз эң чоң жана албетте, дүйнөнүн мыктысыбыз! Бул эскертүү болсун. Эгер Иран америкалыктарга же АКШнын мүлкүнө кол салса, биз ойлонбой туруп жаңы, күчтүү курал-жабдыктын жарымы менен Ирандын 52 аймагына сокку урабыз. Соккуга Иран жана анын маданияты үчүн таасирдүү жерлер кабылышы мүмкүн. АКШ мындан ары кандайдыр бир коркутууну каалабайт", - деп жазган.
Ошондой эле Трамп генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алабыз деген тегерандыктарды да сындап өткөн.