super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча Көк-Таш айылынын тургундары президентке кайрылышты

 

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундары демилге көтөрүп, журналисттерге чек ара боюнча маалымат жыйын берүүдө. Алар маалымат жыйындын жүрүшүндө президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жасашты. Өз кайрылуусунда алар тез аранын ичинде Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы такталбаган аймактарга тактоо киргизүүнү суранышты.

Шадиев Байзак аттуу жаран "тажиктер менен чыр-чатак болуп жатат. Биз кимдир бирөөнү колдойлу же мактайлы деп келген жокпуз, баарыбызга керек болгон чек ара маселе боюнча келдик", - деди.

Саатбек Халматовдун айтымында, эки улуттун өкүлдөрү өтө аралаш жашаган аймактар көп болгондуктан күнүмдүк жашоо тиричиликте жаңжал чыга берет.

"Биз кимдир бирөөнү колдойлу же мактайлы деп келген жокпуз. Кыргыз-Тажик чек арасында чыр көбөйүп жаткандыктан келип жатабыз. Түнү менен ок атып, бири-бирине мылтык такаганга чейин барып жатышат. Ошондуктан биз президент Сооронбай Шариповичтен суранат элек, ушул маселени кечиктирбестен чечип берсе деп келдик. Негизги көйгөй - кыргыз-тажик эли чек ара аймактарында аябай аралаш жашап жатат, мындан улам күнүмдүк жашоо турмушта чырлар болуп кетип жатат. Мисалы, атайын такталбаган аймактар бар, ал жерде кыргыз-тажик аралаш тургандары бар, мындан улам кайсы жер бизде калат, кайсы жер аларга өтөт, ошону карап делимитация, демаркация иштерин бүтүрүп берсе деп суранабыз", - деди ал.



Баткендин тургундары Куралдуу күчтөрдү түштүккө көчүрүүнү суранышты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
13.01.2020. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
480
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
29-01-2020 21:58
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тажик тарап эмнеге кызыктар болбой жатканы тан калычтуу болуп жатат буларга биринчи биздин чондор чуркап барат чечели деп эми менде бир сунуш бар чек араны жаап салыш керек 1 айдан кийин өздөрү чуркап келет мени айтты дейсинер
13.01.2020. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
511
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
29-01-2020 18:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чек ара жеңил чечиле турган маселе эмес. Эл аралык мамиле болгон үчүн узак сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечиле турган маселе.
13.01.2020. 10:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
29-01-2020 21:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш элим! Сабыр кылалы! Чек ара маселеси 2 тараптуу гана чечилет провокацияга алдырбайлы.
13.01.2020. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
511
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
29-01-2020 21:35
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дал ошол аралаш отурукташып калгандыктан, делимитация жана деморкация иштеринде тоскоолдук чыгып жатат.Биз ойлогндой президент барып эле чечип кое турган маселе болгондо жыргабайт белек, бул жерде тажиктер да оз талаптарын айтып чыгууда. Эки олкого тен бир карыш жер да кымбат турат.
13.01.2020. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
24-07-2019
Соӊку аракети:
29-01-2020 23:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Умут кылбай эле койсонор болмок Сокеден.Кайра эле озунор куноолуу болуп каласынар.Фактынар менен суйлогуло да.
13.01.2020. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
12-08-2013
Соӊку аракети:
30-01-2020 01:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жабыш керек чек араны ошондо чечилет.Жепжутаттар бензин откорбосо откорбой калсын.Бизге деле казактар чек араны жаап коюп жатышат го жини келгенде.
13.01.2020. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
29-01-2020 17:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек араны жаап салыш керек анан оздору келет жалдырап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136762;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: