Тажикстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси кызматтан кетти

Бүгүн, 13-январь күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жарлыгына ылайык, Кыргыз өлкөсүндөгү Тажикстандын ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода башка жумушка которулганына байланыштуу кызматтан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, элчиликке 52 жаштагы Назирмад Ализода келген. Ализода акыркы 5 жылдан бери Казакстанда элчилик кызматында иштеп, 2019-жылы ишин жыйынтыктаган. Олимзода кайсы кызматка коюлганы азырынча белгисиз. Кызматтык өзгөрүүлөр көптөн бери Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында орун алган чырлуу окуяга тиешеси бар же жогу ачыкталган эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2020-01-13 21:31:48
Эмне зодасы келсе да дипломатиялык жол менен маселе чече турган болсо болду.
+3
hansel
2020-01-13 21:41:27
Опыты кобуроок посолду койуптур, Эки олконун келечеги учун салым кошкон посол болсун
+2
Islambek123
2020-01-13 23:17:52
Биздикин коргон билгендер барбы? Посольство деген бетбакты, бир жолу ажо барганда аргасыздан барды ошошл боюунча жок.
+6
ainura220888
2020-01-14 00:40:26
Islambek123,ой ичим олло кулдум. Чын эй. Эми жазсам окшойт деп атып окуп калдым
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан