Эстрада ырчысы, эки кыздын мээримдүү апасы Бегимай Карабаева бүгүн, 19-январда 32 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда, өзүнө белек алайын деп унаа базарда жүргөнүн айтат.
"Туулган күнүмдө унаа алайын деп базарга келдим. Азыр каражатыма ылайык унаа издеп жүрөм. Буга чейинки унаамды сатып, акчасын кийимдер дүкөнүн ачууга жумшап салгам. Ошондон бери тапканымды чогултуп жүрдүм. Апам дагы кошумча кылды.
19-январга караган түнү курбуларым куттуктап келишти. Туулган күнүмдү апам Баткенден келгенде өткөрөм", - дейт ал.
Бегимай Карабаева 1988-жылы 19-январда Баткен шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Баткендеги В.И.Ленин атындагы орто мектепти бүтүрүп, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эл оозуна "Баёо сезим", "Жалгыздык", "Адашпайм" деген ырлары менен алынган.
Ырчынын чыгармачылыкка кадам таштаган жылдардагы сүрөттөрү.
Бегимай Карабаева 2010-жылы Кубаныч аттуу мырзага турмушка чыгып, Айдай жана Адемай аттуу кыздуу болушкан. Ырчы 2015-жылы жолдошу менен ажырашканын билдирген.
19-январдын жылнаамасы.