Бүгүн, 20-январь күнү Баткенде "Министрдин кызынын махабаты" тасмасында Зинанын ролун жараткан актриса Роза Азимбаева жана жолдошу, аранжировкачы Алтынбек Нажимидиновдун үйлөнүү тою болууда. Розага курбу болуп чыккан ырчы Динара Тилекеева той тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Учурда жаштардын сейилдөөсү болуп жатат. Биз Роза экөөбүз Ырысбек Жабиров тарткан "Мал доктур" деген кинокомедияга тартылып, достошуп калганбыз. Роза жакында жумушу боюнча Баткенге барып келейин деп жөнөп калган эле. Ошондо Жалал-Абадга деле филармонияга кел, бизде эле иште" десем, бир барып келейинчи Баткенге деп болбой кеткен. Көрсө, биротоло калганы кеткен экен. Аяшыбыз Алтынбек курбума 40 жашында үйлөндү. Экөө бири-бирин күтүп жүрүшкөн экен. Азыр сейилдөөдөн кийин ресторанда тойдун расмий бөлүгү башталат. Ал жакка эки жашты мен "Жар-Жар" ырым менен алып кирем", - деди Динара айым.
Эскерте кетсек, 3-январь күнү Роза Азимбаеванын кыз узатуу тою болуп, аны үйүнөн кыргыздын каада-салты менен Баткенге алып кетишкен.