Бүгүн, 23-январда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланды. Анда күбөлөр суралмак. Бирок отурумга бир гана күбө келген. Ал көрсөтмөсүн бергенден кийин мамлекеттик айыптоочулар башка чакыртылган күбөлөрдүн отурумга келбегендигин билдиришти.
Сот прокурорлордон "күбөлөр эмне себептен келген жок? Дагы 12 күбөңөр бар, эмне үчүн келбей жатышат, тактадыңарбы?" деди.
Прокурор чакыртылган күбөлөрдүн айрымдары шаардан тышкары чыгып кетсе, кээ бири командировкага чыгып кеткендигине байланыштуу отурумга катышпагандыгын айтты. Ошондой эле күбөлөрдүн түшүнүк каттарын окуп берди.
Ал эми Орусиянын жараны болгон күбөлөрдүн бири Маевский учурда камакта экенин айтышты. Бул маалыматты тактоо үчүн өлкөдөгү күч органдары аркылуу Орусияга кат жөнөтүү өтүнүчүн прокурор айтты. Айыпталуучулар каршы эместигин билдирип, сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.
Прокурорлордун бири Кыргыз өлкөсүндөгү күбөлөрдү канча жолу чакырышканын, бирок алардын келбей жаткандыгын айтып, аты-жөндөрүн окуп берди. Андан кийин ал бул күбөлөрдү мажбурлап сот отурумуна алып келүү сунушун киргизди. Текебаев жана жактоочусу буга каршы эмес экендигин айткандан кийин, сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.
Бүгүнкү отурум бир күбөнүн көрсөтмөсүнөн кийин 4-февралга жылды.