Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана ошол өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Эмилбек Каптагаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова "Ынтымак" эс алуу багына бак отургузушту. Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов дагы катышты.
Буга чейин 2010-жылдагы утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү жолугушкан. Алардын сүрөтү социалдык тармакка тараган. Текебаев "бул жолугушуунун негизги максаты, мен менен Чотоновдун эркиндикке чыгышы болду" деп айткан. "Анын ичинде өлкөдөгү кырдаал, абал, андан чыгуунун жолдору тууралуу пикир алышуулар, сүйлөшүүлөр болду", - деп билдирген Текебаев.