Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтөт

Бүгүн, 3-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 14:00гө белгиленген.

Буга чейин 27-29-июлга белгиленген отурум Текебаев келбегенине байланыштуу жылдырылган. Текебаев пневмония илдетинен дарыланып жатканын, абалы турукташып баратканы айтылган.

Окуянын чоо-жайы:

Былтыркы жылдын 21-августунда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2020-08-03 11:33:11
Кайра камап эле салгыла. Пайдасы жок Текени.Кыргызстанды ушун тупикке кептелишине Текенин салымы чон.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан