Соттук отурумда судья Өмүрбек Текебаевге эмоцияга алдырбай сүйлөөнү эскертти

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароонун биринчи соттук отуруму өтүп жатат. Ага айыпталуучулардан тышкары жакындары жана саясатчынын тарапташтары катышууда.

Адегенде сот жактоочулардын өтүнүчүн укту. Жактоочу отурумга видеокамераларды киргизүү, кошумча күбөлөрдү суроо жана Текебаевдин кабинети деп айтылган бөлмө чынында кимге таандык экенин аныктап алууну өтүндү. Видеокамера боюнча сот Текебаевдин оюн сурады. Саясатчы бардык коомчулук соттук процессти көрүшү керек деген пикирин билдирди. Анын сүйлөгөнүнө сот эмоцияга алдырбай сүйлөөгө чакырып, эскертти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2011
2019-09-12 15:15:13
Текебаев дагы ак жеринен камалып жатса анан ачууланса керек. Азыр соттор мурункудай эмес.
+1
Absamat-90
2019-09-12 15:19:00
Текебаевдин иши эми мыйзамдуу каралып жатат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан