Коронавирустун очогу делинген Кытайдын Ухан шаарында оорукана курула баштады. Бул ооруканага вирусту жугузуп алган бейтаптар жаткырылып, дарыланат. Батыш маалымат булактарынын жазганына караганда, оорукананын курулушу 6 күндө бүтүшү керек. Ал эми 2-февралда оорукана эксплуатацияга берилүүгө тийиш экендиги маалымдалды.
Учурда курулуш аянтын ондогон экскаваторлор казып жатышат. Жаңы салына турган бейтапкананын жалпы аянты 25 миң чарчы метрди түзүп, ага бир эле учурда 1 миңге чейин оорулуулар жаткырылат.
Оорукананын модели Пекиндеги "Сяотаншань" бейтапканасына окшош болот. Пекиндеги бул оорукана 2003-жылы апрель айында SARS (типтүү эмес пневмония) эпидемиясы күч алган кезде 7 күндө курулган.
24-январга карата алынган маалыматтарга ылайык, жугуштуу вирус менен жапа чеккен адамдардын саны 830га жетсе, каза болгондордун саны 26га жеткен деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, бул жугуштуу вируска каршы көпчүлүк өлкөлөрдө алдын ала сактануу үчүн түрдүү текшерүүлөрдү өткөрүп жатышат. Ал эми Кыргыз өлкөсү дагы бул абалга карата чара көрө башташты. Кытайдан келген, тагыраагы, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы аба каттамынын жүргүнчүлөрүн "Манас" эл аралык аэропортунан медицина кызматкерлери текшерүүгө алып жатат. Пневмония оорусун чакырган коронавирусу күч алгандыктан, санитардык карантин пунктунун адистери күнүгө жүргүнчүлөрдү тепловизор (дене табын өлчөп, инфекциялык ооруга чалдыкканын текшерүүчү шайман) менен текшерип жатат.