Кыргыз мамлекетинин, Кытайдын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек араларында 11 санитардык карантин пункту иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган министрлик коронавирус Кыргыз өлкөсүнүн аймагында каттала электигин эскертти. Кечээ, 25-январда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "Манас" аэропортундагы санитардык карантин пункттарын текшерди.
Коронавирус оорусу тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында чыга баштаган. Анда Ухан шаарында белгисиз өпкө оорусу жайыла баштаганы айтылган. Вирус адамдарга базарда сатылган деңиз азыктары жана жыландар аркылуу жуккан деген версиялар айтылып келет. Дарыгерлер оорунун вирусу адамдан адамга жугат деп расмий билдиргенден тарта, дүйнө жүзү боюнча бул коркунучтуу вируска каршы ар кандай алдын ала иш-чаралар жасала баштады.
Ал эми Кыргыз өлкөсүндө Тышкы иштер министрлиги жарандарды Кытайга барбай туруусун сунуштаса, Саламаттыкты сактоо министрлигинде коронавирустун алдын алуу жана абалды көзөмөлдөө үчүн штаб түзүлгөнү белгилүү болду.