8-апрелге карата коменданттык саат учурунда 92 жаран кармалды

8-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат убагында ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 92 жаран жеткирилген.

Алар:

Бишкек шаарында - 58;
Ош шаарында - 5;
Жалал-Абад шаарында - 12;
Сузак районунда - 15;
Кара-Суу районунда- 2 жаран;

Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2 миң 101 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан