Малайзиянын аэропортунда карантинден качкан кытайлык 2 жашар бала кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кытайлык бала 25-январда кармалды. "Буга чейин баланын ата-энеси оорукананын нускамасына карабастан карантинден качкан. Полициянын маалыматы боюнча, менчик оорукана эки жашар баланы сасык тумоонун белгиси бар жана коронавирус менен ооруганга шектелип жатканын билдирип, ооруканага жиберген. Дарыгерлер баланы карантинге ооруканага жөнөтүү керектигин айтышкан, бирок анын ата-энеси мындан баш тартышкан", - деп жазылат маалыматта.